Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Сариев: Бишкек милициясы чакырган жерге эми үч мүнөттө жетип бара алат


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мындан ары Бишкекте милиция окуя болгон жерге чакыруу түшкөндө үч мүнөттүн ичинде жетип бара алат. Шаардык ички иштер башкармалыгына ушундай шарт түзүлүп берилип жатканын премьер-министр Темир Сариев кечээ жаңы мэр Албек Ибраимов жана шаар башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушууда айтты.

- Бейшемби күнү мен Жол-кайгуул кызматы менен патрулдук кызматты бириктирүү тууралуу буйрукка кол койгону жатам. Бишкек шаарына 100 атайын унаа бөлүнөт. Алар күнү-түнү иштеп, кырсык же кылмыш болгон жерге баруусу тездейт, - деди өкмөт башчы.

Темир Сариев ошондой эле шаардын тазалыгын камсыз кылуу да орчундуу маселе болуп жатканын, айрыкча быйыл күзүндө ири эл аралык жолугушуулар өтөр алдында жашылдандыруу, көрктөндүрүүгө көңүл буруу керектигин айтты. Ошондой эле жолдор оңдолорун, бул үчүн каражат жетиштүү экенин кошумчалады.

Өкмөт башчы унаа жолдорун оңдоодо велосипед айдоочулар үчүн орун калтыруу тууралуу да айтты.

Бишкек шаарына жаңы мэр өткөн аптада дайындалган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG