Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Москвада кыргыз-орус саясий кызматташтыгы талкууланат


Атамбаев менен Путиндлин өткөн жылкы Сочидеги жолугушуусу.
Атамбаев менен Путиндлин өткөн жылкы Сочидеги жолугушуусу.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн иш сапар менен Орусияга барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Иш сапар алкагында орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу өтөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Быйыл жыл башында Кыргызстан Орусия менен ГЭС куруу макулдашуусун денонсациялаган. Келишим боюнча орус тарап Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп берүүнү убада кылган. Бирок ал аткарылбай келаткандыгын айткан кыргыз өкмөтү макулдашуудан чыгууну чечкен. (RK)

XS
SM
MD
LG