Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Кызыл-Кыядагы шахтада эки адам газга ууланып набыт болду


Баткендеги көмүр шахтасы. Сүрөт архивден алынды
Баткендеги көмүр шахтасы. Сүрөт архивден алынды

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы №5 көмүр шахтасында өз алдынча көмүр казган эки адам набыт болду. Алар Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну Алтынбек Эрматов жана 25 жаштагы Улукбек Эрматов. Газга ууланган үчүнчү адамга ооруканада жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Окуя 1-мартта катталып, куткаруучулар барганга чейин жергиликтүү кѳмүр казган адамдар газга уулангандарды сыртка алып чыгып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Бирок экинчи адам ооруканага жетпей көз жумган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG