Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 11:04

Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев жаңы шайланган мэр Албек Ибраимовду жалпы жамаатка тааныштыруу учурунда билдирди. Ал мэрди баш калаада тартипти орнотуу, жашылдандыруу жана социалдык маселелерди чечүүгө милденттендирди.

- Учурда Бишкекте кɵйгɵйлɵр абдан кɵп жана мэр шаарга кам кɵрүү милдетин толугу менен ɵзүнɵ алыш керек. Алдыда шаар кɵчɵлɵрүн жана тротуарларын иретке келтирүү, парк жана турак жай жайгашкан аймактарды жашылдандыруу, транспорттук инфраструктураны ɵнүктүрүү иштери турат.

Муниципалитеттин жамааты менен жолугуу учурунда өкмөт башчы мэрияга борбор жолдорун оңдоону колго алып, велосипедчилер үчүн шартты эске алууну тапшырды.

Шаардык кеңеш 27-мартта жалгыз талапкер Албек Ибраимовду 42 добуш менен мэрликке шайлаган. Ал расмий түрдө 1-мартта ишине киришти. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG