Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Турат Акимов мекемелер ортолук комиссия түзүүнү талап кылууда


Журналист Турат Акимов.

Журналист Турат Акимов.

Бүгүн акыйкатчы Кубат Оторбаев “Деньги и власть” гезитинин баш редактору Турат Акимов менен жолугушуп, кол салуу фактысы боюнча сүйлөштү. Журналист кол салуу боюнча өзүнүн болжолун айтып, аны акыйкат иликтөө үчүн ведомстуктар ортолук комиссия түзүүнү сунуш кылды.

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовго 20-февралга караган түнү Бишкектеги үйүнүн жанында белгисиз киши кол салган. Ал башынан, колунан жараат алган. Журналист кол салуунун артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турганын билдирген жана буга далилдүү фактылары бар экенин билдирген.

Министрлик бул айыптоону негизсиз деп атоодо. Бул боюнча тергөөнү президент Алмазбек Атамбаев, акыйкатчы Кубат Оторбаев өз көзөмөлүнө алган.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG