Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Сариев Раппопорт аллеясын сактап калууну тапшырды


Премьер-министр Темир Сариев Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун кеңейтүүдө Раппопорт аллеясын кыйбай, башка жолдорду карап көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин Транспорт жана байланыш министрлиги кыйылган бактардын ордуна жаш көчөттөр отургузуларын билдирген.

Чолпон-Атадагы жол жээгиндеги 178 бакты кыюу экологдор менен жарандык активисттердин нааразылыгын жараткан. Аталган аллеядагы бактар 1934-жылы тигилген. Шаарга корк берип турган аллеяга Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы заводунун атагын чыгарган Леонид Раппопорттун аты коюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG