Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Туск Балкан өлкөлөрүнө өзү чыкты


Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск.
Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск 1-мартта качкындар жолундагы Балкан өлкөлөрүнө узакка созулчу сапарга чыкты. Ал Австрия, Словения, Хорватия, Македония жана Грекияга барышы күтүлүүдө, деп кабарлайт lastnews.com.ua сайты.

Белгилүү болгондой, Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштан агылган качкындар ушул өлкөлөр аркылуу Европага өтүүгө далалат кылууда.

- Биз жөн гана байкап, күтүп отура албайбыз. Биз Европа тарыхындагы эң кооптуу этапта турабыз. Чараларды көрүшүбүз керек, - деп Туск бир нече күн илгерээк Европарламентте сүйлөгөн.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын алгачкы эки айында Европага деңиз аркылуу 130 миңдей качкындар келген.

Балкан маршрутундагы өлкөлөр аз илгерээк эртеби-кечпи качкындар үчүн чек араларын толук жабууга аргасыз болушарын эскертишкен.

XS
SM
MD
LG