Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Ооганстан: Желалабадда кол салгандар жок кылынды


Желалабаддагы кол салуудан коргологон жергиликтүү аялдар, 2-март, 2016-жыл.
Желалабаддагы кол салуудан коргологон жергиликтүү аялдар, 2-март, 2016-жыл.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Желалабад шаарындагы Индия консулдугуна болгон жоочулар чабуулунун мизин майтарды.

Маалыматка караганда, чабуул койгон төртөө тең өлтүрүлдү. Алар консулдук имаратына жакын келүүгө үлгүрүшкөн жок. Ал эми операция учурундагы атышуу, жардыруудан алты адам жаракат алышты. Консулдуктун эшик-терезеси талкаланып, жанында токтоп турган сегиз автоунаа өрттөнүп кетти.

Күбөлөрдүн сөзүнө таянып, Reuters агенттиги маалымдагандай, жанкечти мина толтурулган унаасын консулдук имаратынын жанына келип жардырып жиберген. Андан соң атышуу башталган.

Терактты “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жасаганын билдирди. Аталган топ акыркы күндөрү Ооганстандын Нангархар провинциясында активдешип баратат. Желалабад аталган провинциянын борбору.

Январь айында Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарындагы Индия консулдугуна чабуул жасалган.

XS
SM
MD
LG