Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Москва муфтийи бала багуучунун кылмышын динге аралаштырбоого чакырды


Айыпталынып жаткан аял.

Айыпталынып жаткан аял.

Москвадагы 4 жашар кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн мусулмандар менен исламга байланыштырбоо. Мындай билдирүүнү Москвадагы мусулмандар Дин башкармалыгынын жетекчиси, Москва мечитинин имамы Ильдар Аляутдинов таратты.

- Кеп таптакыр адекваттуу эмес адам жөнүндө болуп атат. Ошон үчүн анын кийингенине же ислам тууралуу кандайдыр бир чакырыктарына же иш-аракеттерине карап, аны мусулмандар жана ислам менен байланыштырууга болбойт, - деп айтты Москванын муфтийи.

Аляутдинов маркум наристенин ата-эне, туугандарына көңүл айтып, “кандай гана мусулман болбосун окуяны жеке трагедиясындай кабыл алат” деп билдирди.

Эске салсак, 29-февралда “Октябрское поле” метросунун жанында колуна баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн келин кармалган. Кийин ал Орусияга Өзбекстандан келип, бала багуучу болуп иштеп жүргөнү анык болгон. Бүгүн аны Пресненск соту эки айга камакка алды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG