Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Янукович дагы бир жыл ЕБ "кара тизмесинде" болушу ыктымал


Евробиримдик өлкөлөрүнүн элчилери бүгүн Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин жана анын 15 тилектешинин активдерин кеминде дагы бир жылга жабуу чечимин кабылдашты. Мындай чек 2014-жылы мартта Янукович Украинадан качкан учурда киргизилген.

Евробиримдиктин "кара тизмесине" киргендердин арасында Украинанын мурдагы өкмөт башчылары Николай Азаров менен Сергей Арбузов, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Андрий Киев да бар.

Ал эми уурдалган каражатты кайтарды деген негизде мурдагы саламаттык сактоо министри Раиса Богатырева "кара тизмеден" чыгарылган.

Биримдик өлкөлөрүнүн министрлери 4-мартта Брюсселде өтчү жолугушууда санкцияларды узартууну колдошот деп күтүлүүдө. Эгер элчилердин чечими колдоо тапса, санкция 5-марттан тарта расмий күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG