Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Украина: “Лениндер” “Леннонго” айланууда


Лениндин эстелигинин ордуна азыр "Жылдыздар согушу" фильминдеги каарман Дарт Вейдердин айкели турат. Одесса, Украина
Лениндин эстелигинин ордуна азыр "Жылдыздар согушу" фильминдеги каарман Дарт Вейдердин айкели турат. Одесса, Украина

Украинанын Закарпатск облусунун жетекчиси Геннадий Москаль бүгүн, 2-мартта бир катар аймактардагы көчөлөрдүн аттарын алмаштырды. Ал “Украинадагы коммунисттик жана улуттук-социалисттик (улутчулдук) тоталитардык режимди айыптоо жана алардын символикаларына тыюу салуу” мыйзамынын негизинде ишке ашты.

Москалдын жеке сайтында аты өзгөрүлгөн көчөлөрдүн арасында Тячев районунун Калина айылындагы Ленин көчөсү да бар экени белгиленет. Ага эми “Битлз” рок-музыкалык тобунун солисттеринин бири Жон Леннондун аты коюлат.

Мурдараак Украинанын Харьков облусунда да “Декоммунизация” мыйзамына ылайык, Ленин атындагы аянт Леннонго алмашылган.

XS
SM
MD
LG