Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Парламентте Социалдык фонддун бюджети талкууланат


Жогорку Кеңеш бүгүн Социалдык фонддун быйылкы жана келерки эки жылга бюджети боюнча мыйзам долбоорун талкуулайт. Талкуу үчүнчү окууда жүрөт.

Буга чейинки окуу учурунда депутаттар өкмөттүн Соцфонд чогулткан акчаны мамлекеттик ипотекага жумшоо демилгесине каршы чыккан. Быйылтан тарта кыргыз өкмөтү бюджеттик кызматкерлерге жеңилдетилген шартта ипотекалык насыя берүүнү пландоодо.

Соцфонддун маалыматы боюнча, Топтомо фонддо мурдатан бери чогулган 1 миллиард 118 миллион сом бар. Мындан тышкары быйыл дагы 1 миллиард 229 миллион сом чогултуу пландалууда. Жалпысынан чогулуучу 2 миллиард 350 миллион сомдой акчанын 50%, башкача айтканда 1 миллиард 200 миллионго жакынын өкмөт мамлекеттик ипотекага карата Каржы министрлиги чыгара турган баалуу кагаздарды сатып алууга жумшаганы жаткан. Бирок бул сунуш проценттик үстөгү так болбогондуктан парламентте колдоого алынган жок. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG