Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон аялдын күйгөн сөөгү табылды


Жалал-Абад шаарында өткөн айда дайынсыз жоголгон аялдын өрттөлгөн сөөгү ээн талаадагы чуңкурдан табылды. 52 жаштагы Алмакан Барпиева мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шаарда күрөөкана иштеткен маркум аял 22-февралда үйүнөн унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайткан эмес. Жакындары милицияга кайрылып, иликтөөнүн натыйжасында шектүү катары шаар тургуну кармалды. Ички иштер органынын баамында, окуяга дагы башка адамдардын да тиешеси бар болушу ыктымал. (RsK)

XS
SM
MD
LG