Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Казакбаев: Орусиянын өз көйгөйү жетиштүү


Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

Москвага иш сапар менен барган кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев кечээ Орусия башчысы Владимир Путин менен кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылуусу жана мындан аркы евразиялык интеграция талкууланды. Президенттин иш сапарынын максаты туурасында “Азаттыктын” суроолоруна мурдагы тышкы иштер министри, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди.

“Азаттык”: Руслан мырза, мына соңку учурда Кыргызстандын тышкы саясаты сыналган окуялар катталды. Былтыр расмий Бишкек АКШ менен кызматташуу тууралуу келишимди бир тараптуу бузган эле. Анкара менен Москванын чатагында Бишкек Орусиянын сөзүн сүйлөдү. Ошол эле кезде учурунда чоң шаан-шөкөт менен башталган кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ГЭСтерди куруу боюнча келишимин быйыл жыл башында денонсациялоо тууралуу чечим кабыл алынды. Ушул карама-каршы жагдайлардан улам бул жолугушуу өз ара мамилени аныктап, тактап алуу максатын көздөбөйбү?

Руслан Казакбаев: Жалпы жонунан алсак, Орусия бир аймакта жашагандан кийин биздин стратегиялык өнөктөш бойдон кала берет. Тарыхый байланышыбыз да бар. Экономика, саясий, билим, илим тармагында.

Сиз белгилеп кеткен маселелердин бардыгы маанилүү. Дүйнөдө ааламдашуу процесси абдан тез жүрүүдө. Ар бир мамлекеттин, кызыкчылыгы бир убакта, керек болсо жыл сайын өзгөрүүдө. Орусиянын да, АКШнын да өз кызыкчылыгы бар.

Эми Кыргызстан үчүн ириде экономикалык маселелер маанилүү. Келе жаткан кризисти жеңип, жаңы инвестициялык долбоорлорду ачуу, экономикалык деңгээлди көтөрүү милдети турат. Андан тышкары коопсуздук маселеси бар. Бул эл аралык терроризм, баңги бизнесине каршы күрөшүү.

Ар бир мамлекеттин, кызыкчылыгы бир убакта, керек болсо жыл сайын өзгөрүүдө. Орусиянын да, АКШнын да өз кызыкчылыгы бар. Эми Кыргызстан үчүн ириде экономикалык маселелер маанилүү.

“Азаттык”: Орус президенти Путин Кыргызстанды негизги өнөктөш деп атады. Бирок Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенине алты айдан ашык убакыт болду. Бул мезгил ичинде соода кыскарып, экономикада кризис күчөп баратат. Бул жолку эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда ушул маселе козголуп, Евразия экономикалык биримдигинде жасалчу иштердин жыйынтыгы мындан ары реалдуу турмушта көрүнө баштары айтылган экен. Кандай конкреттүү долбоорлор жөнүндө сөз болуп жатат?

Руслан Казакбаев: Бул жолу президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапарын терең талдай элекпиз. Кечээ убакыт тар болуп, жолугушуу кеч болду окшойт. Бирок негизинен багыттар белгиленип калган.

Биз Кыргызстандагы ири долбоорлорго Орусия тараптан арбын инвестиция күткөн элек. Мисалы, Жогорку Нарын каскады, Камбарата-1 ГЭСи боюнча. Тилекке каршы, кризиске байланыштуу азыр Орусиянын өзүнүн ички көйгөйлөрү көп. Дүйнөлүк каржы кризиси, башка өлкөлөрдүн санкцияларды үстөккө-босток киргизиши Орусияны бурчка такап койду окшойт. Ошондуктан ири инвестициялар болбой калды. Бирок мурунку күйүүчү май тармагындагы, “Газпромдун” Кыргызстанда терең киришип, иштердин жүрүп жатышы, дагы жаңы долбоорлор боюнча сөз болушу мүмкүн. Анын сыртында коопсуздук маселеси боюнча Кыргызстанга аскерий тармакка бир миллиард доллардан ашык жардам берүү боюнча сүйлөшүүлөр бар эмес беле. Ошолор боюнча сөз болушу мүмкүн деп ойлойм.

“Азаттык”: Быйыл Кыргызстанда ШКУнун башчыларынын жыйыны өтөт. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын юбилейлик саммити уюштурулганы турат. Бул жолку сапарда ошол иш-чаралардын алдындагы даярдык маселелери дагы каралышы мүмкүнбү?

Руслан Казакбаев: Сөзсүз, ал маселелер каралат деп ойлойм. Азырынча бул туурасында маалымат бериле элек, бирок каралышы мүмкүн. Бул экөө тең чоң окуялар. Дүйнөдөгү бизге окшогон чакан мамлекеттер, ошол эле учурда чоң планы бар мамлекеттер эл аралык уюмдардын же эл аралык каржылык уюмдардын, региондук уюмдардын алкагында кызыкчылыгын терең коргоп, жакшы пайда көрсө болот. Биз ушул эки маанилүү уюмдун жана Евразия экономикалык биримдикте өз кызыкчылыктарыбызды коргосок болот. Эң биринчи экономикалык жана коопсуздук кызыкчылыктар. ШКУнун ичинде эң чоң роль ойногон, биздин ири инвесторлор болгон Орусия менен Кытай мамлекети. Ошондуктан буга өзгөчө даярдануу керек.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG