Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

“Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо борбору “ResPublica” гезити менен бирге “Аялдар зомбулукка каршы” аттуу акциясын өткөрөт. Маалыматта сот жана укук коргоо органдарынын аракеттери, адилетсиз чечимдер менен бийликтин кайдыгер мамилеси иш-чараны уюштурууга себеп болгону айтылган.

“Биздин адамдык сапаттарыбызды бузуп, келечекке болгон үмүттү талкалаган системага ишеним жок. Биз бардык тармактарда реформаларды күттүк. Бирок ар күнү биздин эже-сиңдилерибиз, кыздарыбыз зомбулукка туш болгон жаңылыктар менен коштолууда. Ар бир учур акыркысы болот деп ишенип келдик. Эми биз унчукпай тура албайбыз”, - деп жазылган акция демилгечилеринин кайрылуусунда.

Сот аткаруучулар тарабынан зордукталып, сабалган Калия Арабөкованын иши аягына чыкпай жатканы, ишкер Райкан Алканов боюнча айыпталган кыздын күчөтүлгөн режимде 14 жылга эркинен ажыратылышы аялдарга карата зомбулуктун мисалы катары келтирилген.

Укук коргоочулар коомчулуктун пикирин эске алып, бийликти адилет чечим чыгарууга чакырууда. Акция 4-мартта Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жана Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында өтөт.

Жылдын башында Human Rights Watch уюму өзүнүн баяндамасын жарыялап, 2015-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатында абал начарлаганын айткан. Анда үй-бүлөдө аялдарга, кыздарга жасалган зомбулук азайбай, жардам алуу жана сот акыйкаттыгына жетүү үчүн тоскоолдуктар жоюлбаганы белгиленген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG