Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Москвада кыргыз кыздарды “патриоттордон” коргоочу топ түзүлдү


Интернетке 15-февралда тараган тасмадан алынган сүрөт.

Интернетке 15-февралда тараган тасмадан алынган сүрөт.

Москвада түзүлгөн “Кеменгер” жана “Жаңы муун” уюму жумуштан кеч чыккан кыргызстандык кыз-келиндерди өзүн “патриотмун” деп тааныштырган топ балдардан коргоп, үйүнө чейин жеткирип турушмай болду. Бул тууралуу Москвада иштеген Адилет Чилдебаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын белгилешинче, 130дан ашуун ыктыярчылар кыздарды караңгыда тосуп алууга даярдыгын билдиришкен. Мындай жардамга муктаж кыз-келиндер 8 925 459-0001 же 8 925115-4038 номерине кайсы метродо жашай турганын жана жумуштан канчада чыгарын кабарлап коюшу керек.

“Биздин уюм расмий түрдө катталып ачылган жок. Мүмкүнчүлүк болушунча жигиттерди ойготуп, кыз-келиндерди, эжелерибизди, карындаштарыбызды сактайлы, деген максатта уюмду түздүк. “Жаңы муун” уюму менен чогуу бул ойду ишке ашыруу аракетин көрүп жатабыз. Буюрса, бүгүнтөн баштап жигиттерибиз бизге кабар бергендерди тосуп алып, үйлөрүнө жеткирип турушат”,- дейт Чилдебаев.

2-мартта ишин баштаган уюмга кайрылып маалымат алгандар, калп-чынын билгиси келип телефон чалгандар көп болгон. Ыктыярчылар бир күндө эле 26 айымды үйүнө жеткиришти.

Жакында Москвада эки кыргызстандык кызды кордоп, видеосун интернетке тараткан үч жаран кармалган. Кыргыз кыздарынын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнүнө каршы чыккан топтор 2012-жылы Орусияда пайда болгон. Алар өздөрүн “патриоттор” деп атап, кыздарды жылаңачтап, сабап, суракка алган видеолорду интернетке жайылтып келишет. Мындай окуялар боюнча ушул күнгө чейин эч ким жоопко тартыла элек. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG