Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:45

Бүгүндөн тартып “Пирамида” телеканалы Жогорку Кеңештин жыйындарын түз алып көрсөтө баштады. Мындай саамалык кыргыз парламентинин ишин ачык-айкын жүргүзүүгө кошумча өбөлгө болорун бүгүнкү отурумда төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Февралдын башында “Пирамида» парламенттин, башка бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тарата турган телеканал катары аныкталган. Ага ылайык, аталган канал аптанын бардык иш күндөрү саат 9:00дөн 18:30га чейин мамлекеттик мекемелердин ишин чагылдырат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG