Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Аба ырайы: күн ысыйт


2016-жылдын 3-мартынан 6-мартына абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100-чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-10-чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) жана Казарман-Акталчат (67-94- чакырымдары) авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

4-мартта жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5 градус жылуу, күндүз 16…21 градус ысык болот.

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 15…20 градус ысыйт.

Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус жылыйт.

Нарында түнкүсүн -7…-12 градус суук, ал эми күндүз 3…8 градус жылуу.

4-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 17…19 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG