Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

УКМК: “Кыргызалтын” 1,2 миллион сомго керексиз жабдууларды сатып алган


УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Кыргызалтын” ишканасына кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда, 2012-жылы тендердин жыйынтыгы менен “ЭнКО” казак компаниясынан “Терексай рудниги” филиалына перистальтикалык соргучтарын сатып алган. Бирок ага кошумча жабдуулар керек экени айтылып, өз алдынча колдонууга жараксыз болуп чыккан.

Ишкананын жооптуу кызматкерлери “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу менен тендерди жүргүзбөй туруп 1,2 миллион сомго кошумча техникалык жабдууларды сатып алышкан. Сатып алынган жабдуулар ушул күнгө чейин колдонулбай келген. “Терексай рудниги” филиалынын жабылышы менен жабдуулардын жакын арада колдонулушу күмөн.

Керексиз жабдуу соргучтарды сатып алуу жана аларды кайтарып берүүнүн шарттары каралбагандыктын жыйынтыгында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда тергөө, иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG