Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Депутаттар “Сен сүйгөн кыргыз макалы” сынагына катышат


Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысы Эгемберди Эрматов окуучулар жана студенттер арасында өткөргөн “Сен сүйгөн кыргыз макалы” аттуу республикалык эссе жазуу сынагынын жыйынтыгын чыгарууда билдирди. Жалпысынан сынакка 125 катышуучунун эмгеги келип түшүп, калыстар тобунун жыйынтыгы менен алдыңкы орундарга окуучулар арасынан Кочкор районунун Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Даткайым Кабылбекова, Жайыл районунун А.Күрүчбеков атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Сезим Күмүшбекова, Ош шаарынын №21 А.С. Пушкин атындагы гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу Мухлиса Игамбердиева алган.

Ал эми студенттер арасынан алдыңкы орундарга Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин 1-курстун студенти Өмүргүл Канатбек кызы, Ош мамлекеттик университетинин орус филология факультетинин 1-курстун студенти Таттыгүл Үркүнбай кызы, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 1-курсунун студенти Фатима Бакыт кызы татыган.

Жыйынтыгында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов окуучуларды жана студентерди макал-лакаптарды билүүгө чакырган мындай сынактар дагы уланарын, эми праламент депуттары менен өкмөт мүчөлөрү үчүн да эссе жазуу боюнча сынак өтөрүн айтты. (ZA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG