Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

“Чыгыш электр” “кыргыз чоролорунун” катын ала элек


Чоролор.
Чоролор.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Чыгыш электр” ишканасынын маалымат катчысы Гулмира Тониева билдирди. Буга чейин аталган ишкана карызы көп мекемелердин тизмесин чыгарган. Алардын катарында Ысык-Көлдөгү пансионаттар бар. “Кыргыз чоролору” карыздарды өндүрүп берүү үчүн “Чыгыш электрдин” кызматкерлери менен бирге рейдге чыгууга даяр экенин билдиришкен. Бирикменин башчысы Замир Көчөрбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, тиешелүү кат аталган ишканага жолдонгон.

Тониева азырынча аталган бирикмеден кат келип түшө электигин, эгер алар мыйзам чегинде, күч колдонбой рейдге катышуу ниетин билдирсе макул болушарын айтты.

Алгач 2010-жылы “Кырк чоро” бирикмеси катары түзүлгөн топ 40 уруудан 40 жигит Алтайга барып келгенин жар салган болчу. Кийинчерээк алар “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесин негиздеп, 2011-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

“Кыргыз чоролору” уюму кээ бир мекемелерде күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүп, укуктарын ашыкча пайдаланып, мыйзамды бузуп жатат, ашкере улутчул деген сынга кабылып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG