Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 20:42

Бүгүн өкмөт аппаратынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча куратору Памир Каримов өкмөттүн Нарындагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалган Жаркын Ибраеваны жамаатка тааныштырды. Жаркын Ибраева облустун социалдык тармагын тейлейт.

Ибраева буга чейин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын катчылыгында кеңешчи, "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы, "Алмаз" радиосунун Нарындагы жетекчиси болуп эмгектенген.

2015-жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо КСДП партиясынын тизмесине кирип, талапкер катары ат салышкан. (MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG