Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Кино ишмерлери өкмөткө нааразы


"Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасын тартуу учурунан.
"Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасын тартуу учурунан.

Бүгүн “Кыргызфильм” киностудиясынын имаратында иштеп жаткан жеке менчик киностудия ээлери ижара акысы кымбаттап кеткенине байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүштү.

Алардын айтымында, аталган имараттагы ижарага берилген иш бөлмөлөргө буга чейин үч миң сомдон төлөнүп келсе, эми жаңы баа боюнча он беш миң сомдон жогору төлөнүшү керек. Маалымат жыйынында кино ишмерлери учурда ижара акысын төлөбөгөнү үчүн имаратка кирип иштей албай жүрүшкөнүн, эгер абал өзгөрбөсө бул улуттук кино өндүрүшүнө чоң зыян алып келерин айтышты.

Нааразы болгондордун арасында режиссерлор Темир Бирназаров, Ырысбек Жабиров, Руслан Аташев, Азамат Арыков бар. Алар бул абалга “Кыргызфильм” студиясынан башка ошол мекемеде иш жүргүзгөн отуздай кино студия ээлери нааразы экенин, алар бул маселе боюнча өкмөт башчы Темир Сариевге, “Кыргызфильм” жетекчилигине жана Мамлекеттик мүлк фондуна ижара акысын арзандатуу боюнча кайрылуу кат жөнөтүшкөнүн билдирди. (ZA)

XS
SM
MD
LG