Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Наристени өлтүргөн Бобокулованын уулу да камалды


Москвада төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелип, камакка алынган өзбекстандык Гүлчехра Бобокулованын уулу Самаркандда камакка алынды. Бул тууралуу gazeta.ru сайты Бобокулованын атасы Бахриддин Тураевдин маалыматына таянып, кабарлады.

Гүлчехранын 19 жаштагы уулу Рахматуллону 2-мартта милиция кармап кеткен. Ал апасынын кылмышына байланыштуу кармалдыбы же башка себеп барбы, азыр анык эмес. Каерде экени да белгисиз.

Бахриддин Тураев кызынын жоругун анын психикалык саламаттыгына байланыштырып, бул үчүн элден кечирим сурады.

Гүлчехра Бобокулова 29-февралда Москвада наристенин кесилген башын көтөрүп, өзүн “жанкечти” экенин жар салып жүргөн учурунда кармалган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG