Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:06

Алай прокуратурасынын алдында чак түштө адам өлтүрүлдү


Алай райондук прокуратурасынын жанында 48 жаштагы аялды өз таанышы чак түштө бычактап салды. Окуя кечээ, 2-мартта болгонун бүгүн Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда аял прокуратурага өзү менен жарандык никеде бирге жашаган 59 жаштагы киши боюнча арызданганы бараткан. Бирок кире бериштен ошол адамдын колуна түшүп, бычакталган. Кол салган жаран өзүнө да бычак сайган.

Жаракат алган аял ооруканага жетпей жан берген. Кол салган киши азыр райондук оорукананын реанимациясында жатат.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Райондук оорукананын дарыканасында фармацевт болуп иштеген маркум аялдын эки баласы жетим калды. Аны өлтүрүүгө айыпталып жаткан жалгыз бой ардагердин 9 баласы бар. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG