Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Грузиялыктар жайдан тарта Европага визасыз кириши мүмкүн


Грузиянын тышкы иштер министри Михеил Жанелидзе “Азаттык” радиосуна билдиргендей, быйыл жай мезгилинен баштап өлкө жарандары Европа Биримдигинин аймагына визасыз саякатка чыгышы мүмкүн. Бул боюнча тийиштүү документ Европа Биримдиги комиссиясына 8-мартта сунушталат.

Украина менен Грузия атуулдары үчүн биримдиктин аймагына кирүү тартибин жөнөкөйлөтүү жараянын карап жаткан комиссия грузиялыктарга визасыз саякат системасын киргизүүнү тездетүүгө убада берген. Ал эми Украинадагы кырдаалга байланыштуу бул жаатта Киев өкмөтү менен келишим түзүү кечеңдеши айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG