Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Ректор шайланабы же дайындалабы?


Кыргыз Улуттук Университети
Кыргыз Улуттук Университети

Жогорку Кеңеште каралып, өзгөртүүлөр киргизилип жаткан “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорундагы жогорку окуу жайлардын ректорлорун дайындоо боюнча жоболор коомчулуктун кызыгуусун туудурууда.

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларын башкарууну кантип сапаттык жаңы деңгээлге көтөрөбүз? Ректорду шайлоо керекпи же жогору жактан дайындоо натыйжа береби? Окуу жай жетекчиси академиялык, адамдык кандай сапаттарга ээ болушу зарыл?

"Арай көз чарай” талкуусуна билим берүү министринин орун басары Нурмамат Эсенгулов, Улуттук университеттин мурдагы ректору, профессор Алыбек Акунов, "Ала-Тоо Ата-Түрк" университетинин проректору Алмаз Бейшеналиев катышты.

“Азаттык”: Нурмамат мырза, Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө эмне себеп болууда? ЖОЖдордун жетекчилерине байланыштуу кандай жоболор киргизилүүдө?

Нурмамат Эсенгулов: Өзгөрүүлөр көп эле сунушталууда. Мисалы, мурдагы мыйзам боюнча улуттук статусу бар Улуттук консерватория, Улуттук көркөм сүрөт академиясы окуу жайларынын ректорлору да илимий даражасы бар адамдар шайланышы керек деп кирип калган. Чындыгында ал окуу жайларда илимий даража же наамы бар адамдар жокко эсе.

Жаңы мыйзам боюнча эгер ректор болом дегендерде Эл артисти, Эл сүрөтчүсү, же Эмгек сиңирген деген наамдары болсо илимий наамдарга теңейли деп жатабыз. Ошондо көп адамдарга шайлоого катышканга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт, деп ойлойбуз.

Ушуларды көрүп отуруп, анан ойлойсуң да элдин добушун шылдың кылгандын ордуна өкмөт дайындап эле койбойбу деп. Эгер демократия десек жамаат кимге көп добуш берди, ошол адам эле ректор болуш керек болчу. Эми мунун да аягына чыкпай дагы өзгөртөбүз деп жатышат.
Алыбек Акунов

“Азаттык”: Башка университеттердин ректорлорун шайлоодо үч талапкер коюлуп, анын бирөөн өкмөт башчы дайындачу эле. Жаңы мыйзамдын долбоорунда шайлоо болбой эле кайра бийликтен дайындалат экен, ага эмне себеп болууда?

Нурмамат Эсенгулов: Эми ал талкуу иретинде эле болуп жатат. Мурдагы жобо боюнча кетсек, жалгыз эле жамааттын кызыкчылыгы болуп калбай мамлекеттик окуу жайларда мамлекеттин кызыкчылыгы болушу зарыл деген пикирлер айтылууда, эки тараптуу демократия деп койсок болот го. Азырынча көнө албайт жатат окшойбуз, бара-бара татыктуу адамдар шайланат деп ойлойм.

“Азаттык”: Мыйзам долбоорунун концепциясында “улуттук” деген статусу бар жогорку окуу жайларынын жетекчилик кызматына шайлоого катышууга талапкерлерге кошумча квалификациялык талаптар белгилениши керек, деп сунушталууда. Эмне үчүн эки статустагы окуу жайлар деп бөлүп жатасыздар? Бул бизге эмне берет?

Нурмамат Эсенгулов: Эми мындай тажрыйба дүйнөдө бар. Мамлекеттер ишенген, мурдатан салты бар окуу жайларына ушундай статустарды беришет.

Экинчиден, иштегендердин айлык акысына кошулат, бюджеттен кошумча акча бөлүнөт. Ошондуктан Кыргызстанда төрт жогорку окуу жайына: Улуттук университет, Улуттук агрардык академия, Улуттук консерватория, Улуттук сүрөт академиясына ушундай статустар берилген. Мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгына жакшы иштесин деген тилек, ишеним. Мамлекеттик колдоого алып жатканынын белгиси, десек болот.

“Азаттык”: Алыбек мырза, мыйзам долбооруна карасак, эми ректорлорду дайындоого өтөт окшойбуз. Мурдагы шайлоо системасынан кеткенибиз өзүн актабай калдыбы?

Алыбек Акунов: Азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча университеттин ректорлугуна шайлоодон утуп чыккан алдыңкы үч талапкердин ичинен өкмөт бирөөнү дайындайт дегенде демократиянын жыты да жок нерсе, тескерисинче демократиянын пародиясы болууда. Ушуларды көрүп отуруп, анан ойлойсуң да элдин добушун шылдың кылгандын ордуна өкмөт дайындап эле койбойбу деп. Эгер демократия десек, жамаат кимге көп добуш берди, ошол адам эле ректор болуш керек болчу. Эми мунун да аягына чыкпай дагы өзгөртөбүз деп жатышат. Бул демократияга каршы кадам болууда.

Европада билимге, илимге өтө сый-урмат менен карашат, ректорлордун өзүнчө макамы бар. Кээ бир мамлекеттерде протокол боюнча ректорлор үчүнчү орунда турушат. Бизде мамиле такыр башка, маани беришпейт
Алмаз Бейшенвлиев

“Азаттык”: Алмаз мырза, сиз окуп, иштеп келген чет өлкөлөрдө кандай тажрыйбарлар бар? Ректор кантип шайланат, ким шайлайт, анын жоопкерчилиги кандай, ким сурайт?

Алмаз Бейшеналиев: Чет мамлекеттерде университеттин жетекчилерин - Германияда ректор дешсе, Англия менен Америкада президент деп аташат. Менчик университеттерде уюштуруучулары же түзүүчүлөрүнүн кеңеши аркылуу шайланат. Ал эми мамлекеттик статусу бар университеттерде ректор жамааттын добуш берүүсү аркылуу шайланат.

Кыргызстандагы азыркы система үч талапкердин ичинен өкмөт тандайт деген Түркиядан көчүрүлгөн модель. Дүйнөнүн алдыңкы делген жогорку окуу жайларында өкмөттүн таасири өтө аз. Өкмөткө караганда ЖОЖдордун аброю жогору болот. Жөнөкөй эле мисал, Вильнюс университетинин ректору кетип баратканда, Вильнюс шаарынын мэринин автоунаасы күтүп турат, өткөрүп жиберип анан артынан жөнөйт. Европада билимге, илимге өтө сый-урмат менен карашат, ректорлордун өзүнчө макамы бар. Кээ бир мамлекеттерде протокол боюнча ректорлор үчүнчү орунда турушат. Бизде мамиле такыр башка, маани беришпейт, өкмөт көзөмөлдөп эле тургусу келет.

“Азаттык”: Нурмамат мырза, окуу программасы эл аралык стандартка ылайык Болон процессине кошулдук, реформа жасап жатабыз дейбиз, бирок башкаруу эски боюнча калып жаткан жокбу?

Нурмамат Эсенгулов: Ооба, Болон системасына өткөндөн кийин биздин шартка да ылайыкташтырып жатабыз да. Бара-бара эволюциялык жол менен башкаруу системасы да жолго түшөт деп ойлойм. Биздин негизги максат жогорку окуу жайларынын сапатын жогорулатышыбыз керек, бир топ ЖОЖдорго окуйм дегендер азайып кетти. Башкаруу жагына келгенде жетекчилик шайлоо аркылуу демократиялык жол менен келиш керек. Дайындаганда пешенесине туура келген бирөөнө эле шарт түзүлүп, өзү көрсөтөм деген башкаларга жол ачылбай калып жатпайбы.

XS
SM
MD
LG