Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Америка университетине кыргыз авторлорунун англисче китептери тартууланат


Казат Акматовдун англис тилинде чыккан "Эрика Клаустун 13 кадамы" романы.
Казат Акматовдун англис тилинде чыккан "Эрика Клаустун 13 кадамы" романы.

Борбор Азиядагы Америка университетинин китепканасы кыргыз авторлорунун англис тилинде жарык көргөн чыгармалары менен толукталат. Бүгүн Hertfordshire Press басма үйү бул окуу жайда көргөзмө-жарманке уюштуруп, «13 steps of Erika Klaus» by Kazat Akmatov, «Igor Savitsky: Artist, Collector, Museum Founder» by Marinika Babanazarova, «Under Wolf's Nest» by Kairat Zakiryanov, «When Edelweiss flowers flourish» by Beganas Sartov, «Munabia» by Kazat Akmatov, «Finding the Holy Path» by Shahsanem Murray, «Discovery travel guide Kyrgyzstan» by Ian Claytor, «100 experiences of Kyrgyzstan» by Ian Claytor китептерин белекке тартуулайт.

Иш-чара алкагында белгилүү кыргыз жазуучусу, этнофантаст Бегaнас Сартов тууралуу тасма көрсөтүлүп, анын жакындары менен жолугушуу уюштурулат.

Hertfordshire Press басмаканасы Лондондо негизделген. Борбор Азиядагы Америка университети менен ал 2012-жылдан бери кызматташып келатат.(RK)

XS
SM
MD
LG