Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Пара менен кармалып каза тапкан кызматкердин жакындары чындык издөөдө


Медициналык академиянын аппарат башчысы, маркум Абдыкерим Гапаровдун үй-бүлөсү бүгүн Бишкекте маалымат жыйын курат. Алар Гапаровдун өлүмү менен аяктаган окуянын чоо-жайын биле албай жатканын айтып келатат.

Улуттук коопсуздук комитети 26-февралда маалымат таратып, ал пара алып жаткан жеринен кармалганын, жүрөгү кармап, ошол жерден көз жумганын билдирген. Бирок кийин жакындары Гапаровдун денеси көк-ала экенин, балким күч колдонулганын айтып чыгышкан.

УКМКнын кабарлаганына караганда, ал окуу жайга таандык жерге дүкөн орнотуу үчүн бирөөдөн 30 миң сом пара талап кылган.

Бүгүнкү маалымат жыйынына маркумдун жесири, уулу жана бир тууганы катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG