Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Пакистанда диниятчылар аялдарды коргогон мыйзамга каршы чыкты


Пакистанда өкмөт менен парламентке ислам боюнча кеңеш берген ири диний уюм аялдарга карата зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизе турган мыйзамды “мусулманчылыкка жатпайт” деп айыптады. Ислам идеологиясы боюнча кеңештин жетекчиси Мухаммад Хан Шерани аялдар укугун коргоо шарттары шариятта жетиштүү жазылганын билдирди.

- Мен Пакистандын башкаруучу партиясы мусулман уюм экенин, бирок алардын кылган иши исламга каршы болуп жатканын айтып коюшум керек. Бул жакшы эмес, - деди Шерани.

Өткөн аптада Пакистандын Пенжаб провинциясында Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизилип, үй-бүлөлүк зомбулукка, психологиялык жана сексуалдык кордукка кабылган аялдарды коргоо, аларга жардам берүү боюнча жаңы норма киргизилген болчу. Бирок көптөгөн консервативдик партиялар жана ишмерлер аны Куранга жана Баш мыйзамга каршы келет деп айыптоодо.

Укук коргоочулардын айтымында, аталган аймакта эле 2013-жылы аялдарга карата 6 миңдей зомбулук фактысы катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG