Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Парижде украин кризиси талкууланууда


Украинанын Тышкы иштер министри Павло Климко менен Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.
Украинанын Тышкы иштер министри Павло Климко менен Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.

Франция, Орусия, Украина жана Германиянын тышкы иштер министрлери Парижде Украинанын чыгышындагы абалды талкуулоодо. Төрт өлкөнүн башкы дипломаттары буга чейин Минскиде кабыл алынган тынчтык келишиминин аткарылышын сөзгө алууда. Жолугушууну утурлай Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер Франция менен Германия “орус жана украин тараптан реалдуу прогресс болорун боолгоп жатабыз” деп билдирди.

Киев менен Батыш өлкөлөрү Москваны Украинанын чыгышына өз аскерлерин жана техникасын жөнөтүп, жикчилдерге колдоо көрсөтүп жатат, муну менен Минск келишимин бузууда деп айыптап келатат. Орусия бул айыптоо негизсиз экенин айтууда.

Украин өкмөтүнүн бийликти борбордон чектөөгө, тынчтык келишиминин шарттарын аткарууга буямасы келбей жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG