Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Монополияга каршы инспекторлор беш миллион сомдук кылмышка шектелүүдө


Монополияга каршы агенттиктин кызматкерлери Бишкектеги Финансы техникуму менен академиясынын студенттерине 5 миллион сом зыян келтирген деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Октябрь райондук прокуратурасы 2014-жыл боюнча текшерүү жүргүзүп, аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери окуу жайлардын жетекчилиги менен сүйлөшүп алып билим берүүнүн акысын негизсиз жогорулатканын аныктап чыкты. Натыйжада 1-курстун студенттерине 26 миң сомдун ордуна 38 миң сом деп жазылып, жалпысынан 5 миллион сом ашык чогултулган.

Факт боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG