Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Паспорт алуунун эң татаал талабы жоюлат


Кыргызстандыктар мындан ары паспорт алуу үчүн катталган жеринен “дарек баракчасын” тапшырууга милдеттүү болбойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Жаңы эреже апрель айынан баштап күчүнө кирет. Ал эми бүгүн Мамкаттоо кызматы документтерди электрондук форматка өткөрүү концепциясын донорлор алдында бетачар өткөрөт. Иш-чарага Орусия, Иран, Жапония жана Швейцария элчиликтеринин өкүлдөрү чакырылган.

Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Мелис Эржигитовдун айтуусунда, бюрократия азайып, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлөт:

- Мындай справканы жарандардан сурабай калат эми. Түз эле компьютерден чыгарып алат. Дареги тууралуу баракчадан 5 миллиону бар. Бүгүнкү күндө биз алардын 3 миллионун электрондук форматка өткөрдүк.

Учурда кагаз документтерди электрондук форматка өткөрүүнүн үстүнөн 600 оператор иштеп жатат. Алардын 30у – майыптар.

Мелис Эржигитовдун билдиргенине караганда, “дарек баракчаларынан” кийин мектеп окуучуларынын (алардын саны 1 миллиондун тегерегинде) туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, андан соң нике күбөлүктөр электрондук форматка тушүрүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG