Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Жети-Өгүздө үй-бүлө менен Сирияга кеткен деп шектелүүдө


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну үй-бүлөсү менен Сирияга кеткен деп шектелүүдө. ИИМдин 10-башкармалыгынын облустагы бөлүмүнүн башчысы Арсен Самаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, Дархан айылынын 26 жаштагы жашоочусу Арсланбек Жоомартов аялы Зарема Жумагулова, эки баласы менен 2014-жылы Түркияга кеткен.

-Алар Түркия аркылуу Сирияга кеткен деген маалымат түшкөн. Туугандары, айылдаштары да айтып жатышат. Азыр ал каякта жүргөнү такталууда. Туугандары менен да байланышпайт экен. Биздин текшергенибиз боюнча алар Сабиха Гёкчен деген шаарга кеткен. Андан ары белгисиз, издери жоголуп атат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 500дөй кыргызстандык Сирия жана Ирактагы эл аралык террористтик уюмдардын катарында согушуп жүргөнүн аныкталган. Анын 122си аялдар. Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча 40ка чукул адам жакындары менен Сирияга кеткени аныкталган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG