Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Балыкчыда аскер өзүнүн бутун атып алды


Балыкчыдагы №20636 аскер бөлүгүндө кароолдо турган жоокер өзүнүн бутун атайылап атып алды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Балыкчыдагы Гарнизондук прокуратурадан ырасташты.

Окуя 2-мартта кечки саат 19:30дар чамасында болгон. Маалыматка караганда, ооруканадагы апасынан кабар алгысы келген аскер ушундай жолго барган. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Бутунун эти жараат алып, сөөгү аман-эсен. Учурда аскер бөлүктүн санитардык бөлүмүндө дарыланууда. Окуя боюнча экспертиза дайындалып, текшерүү жүрүүдө.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы мындай окуя катталбаганын билдирүүдө.

18-февраль күнү №20636 аскер бөлүгүндө 19 жаштагы жоокер Дастан Мурат уулу сүрөткө түшөм деп даярданып атканда жанында турган шериги кокустан атып алган. Дастан ооруканада каза болгон. Алар экөө тең былтыр жазында кызмат өтөөгө чакырылган. Окуяга байланыштуу кылмыш иши ачылып, маркумду атып алган шериги камакка алынган.(КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG