Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Ош: партия тандаган талапкерлер


Ош шаарындагы үгүт жарнагы
Ош шаарындагы үгүт жарнагы

Ош шаардык кеңешине депутаттыкка аттанган партиялардын тизмесинде бир партиядан экинчисине "аттаган" талапкерлер көп.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 орунга 13 партиядан миңдей талапкер ат салышууда. Анын арасында айрым жаңы партиялар да бар. Бирок аттуу- тондуу партиялардын алдыңкы тизмесинде буга чейинки шайлоодо башка партиянын туусун көтөргөн аткаминерлер арбын чыгууда.

Алардын катарында Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясынын чилдей тараган мүчөлөрү арбын. Алар да башка партиядан "башпаанек" табышты. Талдоочу Эркин Абдразаков партиядан партия тандаган талапкерлер үчүн шайлоонун сезону эми ачылды деген пикирде.

- Алардын көбү депутат болуп отуруп калайын дебейт. Кызмат сунуштап калабы деп үмүттөнүшөт. Саясий-экономикалык жана чарбалык маселелердин баарын бийликтин партиясы чечип калган. Ошондуктан бийликчил партияга жакындоонун бирден бир жолу ушул шайлоо болуп калды. Шайлоодо кызмат кылган кишинин эмгеги бааланып, кайсы бир кызматты алып калуу аракети болуп жатат. Мындай талапкерлер өз партиясынын, өз лидеринин жүзүн сактап калуу тууралуу баш оорутушпайт. Күнүмдүк оокатынын камын көрүп, партиядан партияга "бал аарыга" окшоп коно берет.

Алардын көбү депутат болуп отуруп калайын дебейт. Кызмат сунуштап калабы деп үмүттөнүшөт.
Эркин Абдразаков

Тизмесинин басымдуу бөлүгүн ар башка партиялардын мүчөлөрү кураганын КСДП партиясы деле танбайт.

Социал-демократтар партиясынын Ош шаарындагы штабынын башчысы Жапар Ормонов муну партиялардын ирилешүү жараяны катары сыпаттады.

- Бизге башка партиялардан талапкерлер келгени чын. Маселен, биздин тизмеде бир эле мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери эмес, түрдүү тармактардан бар. Албетте, бизге “Улуттар биримдигинен”, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана башка көптөгөн партиядан келишти. Алар өздөрүнүн партиясынан чыгып, партбилетин тапшырып, бизге арыз жазып киришти. Эми бул батыш өлкөлөрүндөй партиялардын бара-бара ирилешүү процесси десек болот.

Шаардык кеңешке аттанган партиялардын курамы бул сапар кыйла жашарганы байкалат. Бирок, көчөлөргө илинген көлөмдүү сүрөттөрдөгү жаңы жүздөрдү тааный албай таңданып тургандар деле көп. Алардын бири Эргеш Акматов тизмедеги талапкерлер тууралуу мындай ойдо:

Үгүт жарнагы. Ош
Үгүт жарнагы. Ош

​​- Шайлоого аттанган талапкерлердин бири дагы эл менен кеңешкен жок. Талапкерлердин көпчүлүгүн тааныбайбыз. Кайсыл жерде иштеген, кантип өзүн көрсөткөнүн билбейбиз? Өздөрүнчө эле талапкер болуп алышыптыр. Мен ушундай ишке баратам, мындай пландарым бар, деп талапкер болордун алдында элден бата алган эч ким болгон жок. Кимге, эмне үчүн добуш берерибизди билбейбиз.

Шаардык кеңешке "Бир Бол" партиясынын тизмеси аркылуу спортчу Замир Сыргабаевдин, издөөдө жүргөн жеринен өлтүрүлгөн Алманбет Анапияевдин, киши колдуу болгон полковник Шоноевдин бир тууган инилери аттанышкан. "Республика Ата-Журт" партиясы өз тизмесин "АКБ Кыргызстан" банкынын кызматкерлери менен толтургандай таасир калтырат. Ал эми КСДП тизмесинде шаардык кеңештин мурунку депутаттары, калаадагы жогорку окуу жайлардын кызматкерлери жана муниципалдык мекемелердин башчылары басымдуулук кылат.

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 27-мартка белгиленген. Калаадагы 100 миңден ашык шайлоочу 73 шайлоо участкада добуш берет. Добуштардын 7% алган партия өттү деп саналат.

XS
SM
MD
LG