Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 21:52

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ижарачылардын арызынан кийин УКМК кызматкери Мирбек Мукамбетов кызматтан алынганын кабарлады.

3-мартта Бишкектеги Фрунзе+ соода борборунун ижарачылары директор, УКМКнын кызматкери Мирбек Мукамбетов алардан 3-8 миң доллардык депозитти чогултуп алгандан кийин имараттан чыгарып салганын айтып, маалымат жыйын өткөрүшкөн. Алар жалпысынан 100гө чукул ишкерлер жабыркаганын билдиришкен болчу.

УКМК кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын натыйжасында Мукамбетов иштен алынды. Иликтөөдөгү материалдар чечим чыгаруу үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG