Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Украина чыгышында шайлоо өткөрүү боюнча мунаса табыла элек


Донецк абамайданы уруштардан кийин.
Донецк абамайданы уруштардан кийин.

Украина, Орусия, Франция жана Германия тышкы иштер министрлери Украина чыгышында быйылкы июндун аягына чейин жергиликтүү шайлоо өтүүгө тийиш деп макулдашты. 3-мартта Парижге чогулган министрлер Украина чыгышындагы согушту токтотуу боюнча Минск келишиминин аткарылышын талкуулаган. Франция тышкы иштер министри быйылкы жарым жылдын жыйынтыгында жергиликтүү шайлоо өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алынышы зарылдыгын белгилеген.

Бирок украин тышкы иштер министри Павел Климкин шайлоо өткөрүүдөн мурда аймакта келишимдин бардык шарттарын аткарып, курал-жарак чыгарылып кетүүгө тийиш деген талап койгон. Ал тогуз саатка созулган бул жолугушууда тараптар шайлоо маселесинде мунаса тапты дегенге кошулбайт. "Өлкө аймагынын бүтүндүгүн сактоо үчүн биз бул шайлоодо коопсуздукту камсыздагыдай болушубуз керек", - деп айткан украин министри.

Украина чыгышында орусиячыл жикчилер менен уруш башталган 2014-жылдын апрелинен бери 9 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. 2015-жылдын сентябрында ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишимине кол коюлгандан бери кагылышуулар азайганы менен биротоло токтой элек. Келишимдин негизги шарттарын бузган ок атышуулар аймакта дале тез-тез учурап турат.



XS
SM
MD
LG