Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Быйыл Кыргызстандагы мектептер интернетке туташат


Нарындагы Борбор Азия университетинин "ачык эшик" күнү.
Нарындагы Борбор Азия университетинин "ачык эшик" күнү.

Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн Нарын шаарындагы Борбор Азия университети менен таанышуу учурунда билдирди. Аталган университет жалаң гана Нарын облусунун гана эмес, Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң стратегиялык салым кошорун белгилеген өкмөт башчы быйыл өлкөнүн бардык билим берүү мекемелери интернетке туташтырыларын айтты.

Ушул тапта Нарында жогорку окуу жайлардын ректорлору жана мектеп директорлорунун катышуусунда 2016-2020-жылдарга билим берүү кызматын экспорттоо жана билим берүүнүн сапаты боюнча концепциянын бет ачары өтүүдө. Ага катышкан Сариев өкмөт “акылдуу мектептерди” жана жогорку технологиялар паркын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG