Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Буга байланыштуу буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду. Ага ылайык, мындан ары жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматы биригип, алардын ишин Кайгуул милициясы аткара баштайт. Универсал кайгуул кызматы 102ге келип түшкөн бардык чалууларды тейлейт, көп багытта иш алып барат. Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторовдун ырасташынча, жол эрежелерин бузгандар фото-видео аркылуу гана аныкталат.

-Мурда жогорудагы эки кызматтын бири жолдун коопсуздугуна, экинчиси кылмыштуулукка жооп берсе азыр экөөнүн иши биригип жатат. Алар жолду көзөмөлдөөгө жана коомдук коопсуздукка бирдей жооп берет. Видеокөзөмөлдү орнотуу менен жумуштун стилистикасы өзгөрөт,- дейт Оторов.

Тартипке жоопкер кайгуул кызматын түзүүнү Ички иштер министрлиги сунуштаган. Ага 6 миллион доллар караларын министр Мелис Турганбаев билдирген болчу. Долбоордун биринчи этабы 1-апрелден тартып Ысык-Көл, Чүй, Баткен облустарында башталат. Калган аймактарда жылдын ортосуна чейин толук ишке киргизилет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG