Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Орусиялыктардын үчтөн бири өлкөнү аял башкаруусун каалайт


"Левада" социологиялык борборунун сурамжылоосунун тыянагы орусиялыктардын үчтөн бири жакынкы он-он беш жылда өлкө президенттигине аял киши келиши кааларын көрсөткөн. "Интерфакс" агенттигинин кабарлоосуна караганда, бул сурамжылоодо өлкөнү аял президент башкаруусун каалагандардын 44 % аялдар, 21 % эркектер түзгөн. Бирок респонденттердин тең жарымдайы өлкөнү аял башкаруусун жактырбайт.

Жалпысынан алганда, аялдардын саясатка аралашуусун орусиялыктардын үчтөн бири колдосо, үчтөн экиси аялдар мамлекеттик жогорку кызматтарда эркектер менен бирдей болушу керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG