Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

Орусиянын Ростов облусундагы кечээги сотто украин учкучу Надежда Савченкого акыркы сөз берилип, өкүм качан чыгары белгилүү болушу күтүлүп жаткан. Бирок сот сөз бербей, ишти күтүүсүздөн 9-мартка жылдырып койгонуна нааразы болгон Савченко бүгүнтөн тарта кургак ачкачылык жарыяларын билдирген.

Адвокаттары аны мындай кадамдан кайтарууга аракет жасашарын, кургак ачкачылык ден соолук жана өмүр үчүн кооптуу экенин айтышкан. Бирок бүгүн адвокаттары Савченкону ачкачылыгын токтотууга көндүрө албаганын "Азаттыктын" орус кызматы кабарлады.

Бейшембинин кечинде Савченконун жакындары сотто айтылбай калган анын акыркы сөзүнүн текстин жарыялады. Колдо жазылган бул текстте: “Мен тагылган айыпты да, өкүмдү да, Орусиянын сотун да тааныбайм. Эгер мени айыптаган өкүм чыкса - апелляция болбойт. Мен бүт демократиялык цивилдүү дүйнө Орусия адам укуктары менен эл аралык укукка түкүрүп, өз билгенин кылган диктатор жана тоталитардык өлкө экенин түшүнүүсүн каалайм”, - деп айтылган.

34 жаштагы Надежда Савченко 2014-жылдын жайында Украина чыгышындагы Луганск облусунда кармалган. Ошондон бери ал эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деген шек менен Орусияда тергөө абагында отурат. Савченко күнөөсүз экенин жана орусиячыл жикчилер тарабынан кармалганын, кийин алар аны Орусияга өткөрүп беришкенин башынан бери айтып келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG