Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Москвада секелек кыздын өлүмүнө шектелген өзбек жаранына айып тагылды


Гүлчехра Бобокулова

Гүлчехра Бобокулова

Москвада жаш баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн жеринен кармалган Өзбекстандын жараны Гүлчехра Бобокуловага расмий айып тагылды. Ага жаш баланы өлтүргөн деген айып тагылганын бүгүн Орусиянын Тергөө комитетинен кабарлашты. Мекемеден айыпталуучуну комплекстүү экспертизадан өткөрүү дайындалганын, анын алкагында психикалык абалы да аныкталарын ырасташты.

Бобокулова 29-февралда “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп, өзүнүн “жанкечти” экенин жар салып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөнү кабарланган.

Москванын Пресненск райондук соту мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристе кыздын өлүмүнө шектелип кармалган Гүлчехра Бобокулованы 2-мартта эки айга камакка алды. Ал сот залында жылмайган абалда, айланадагыларга кол булгалап отурушун айрымдар анын психикалык саламаттыгы менен байланыштырган.

Чечим чыккан соң полиция кызматкерлеринин коштоосунда бараткан Бобокуловага журналисттер эмнеге бул ишти жасаганы тууралуу суроо узатканда “Аллах буйрук берди” деп жооп кайтарган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG