Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Крымда "КаZантип" фестивалын өткөрүүгө тыюу салынды


Крымдын Сак районунда “Бефуз” фестивалын өткөрүүгө аракеттенгени үчүн 11 киши кармалды.
Крымдын Сак районунда “Бефуз” фестивалын өткөрүүгө аракеттенгени үчүн 11 киши кармалды.

Орусия тарабынан аннексияланган Крымдын бийлиги жаштардын "КаZантип" жана "Бефуз" музыкалык фестивалын өткөрүүгө биротоло тыюу салды. Мындай чечим аймактагы күч түзүмдөрүнүн биргелешип өткөргөн жыйынында кабыл алынды.

Крымдын прокурору Наталья Поклонская мындай фестивалдар эркин өткөрүлбөсүн уюштуруучулар түшүнүүгө тийиш деп айтты. Анын сөзү боюнча, бул улуттук коопсуздукка байланыштуу маселе.

Ошентсе да Крымдын Сак районунда “Бефуз” фестивалын өткөрүүгө аракеттенгени үчүн 11 киши кармалды. Жергиликтүү күч кызматтары алар маңзатка мас абалында кармалганын билдирүүдө. Бийлик иш-чаранын уюштуруучулары өрт коопсуздугун, санитардык эрежелерди сактабай, жакын жерде жашаган элдин тынчын алат деп эсептейт.

Музыкалык "КаZантип" фестивалы Крымда 1995-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан.

XS
SM
MD
LG