Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Ак калпак майрамы аймактарда да белгиленүүдө


Ак калпак күнүн белгилөө. Жалал-Абад. 5-март

Ак калпак күнүн белгилөө. Жалал-Абад. 5-март

Ош шаарынын борбордук аянтында Ак калпак күнүнө карата 500 жигит катышкан флешмоб өттү. Анда калпакчан жаштар шаар тургундарына улуттук жана чет элдик ырларга кыргызча бийлеп беришти.

Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев майрамды көрүүгө келген ак сакалдарга, мекеме, ишканалардын кызматкерлерине ак калпак кийгизди.

Жалал-Абадда болсо ак калпак жана улуттук кийим кийгендер жөө жүрүшкө чыкты. Жүрүшкө шаар аймагындагы бардык мекеме, ишканалар, студенттер жана жашоочулар чыгышты.

Калпак күнү Баткенде да жаштардын жөө жүрүшү менен коштолду. БатМУнун студенттери, активдүү жаштар Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндө Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөрүп, жүрүшкө чыгышты.

Ушундай эле жүрүш Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында да болду.

Ак калпак күнү Кыргызстанда 2011-жылдан бери белгиленип келет.(YI;RsK;JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG