Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Түркиянын «Заман» гезитин бийлик басып алды


Полиция "Заман" гезитин коргоо үчүн келген элди кууп, таркатууда. Түркия
Полиция "Заман" гезитин коргоо үчүн келген элди кууп, таркатууда. Түркия

4-март күнү кечинде Стамбулдагы «Феза Газетежилик» компаниясы бийликтин чечими менен өкмөттүн карамагына алынды. Өлкөдөгү эң көп нускалуу "Заман" гезити, "Жихан" кабар агенттиги жана бир катар журналдарды чыгарган бул компанияны колдоп, тынчтык митингине чыккан миңге чукул адамды полиция суу жана көздөн жаш чыгаруучу газ менен кубалаганын «Азаттыкка» гезиттин эл аралык кабарлар боюнча редактору Мустафа Эдип Йылмаз билдирди.

- Биздин гезитти колдогон миңдеген адамдар тынчтык митингине чыгышкан. Алардын арасында кары-картаңдар да болчу. Полиция элди күч колдонуп таркатты. Митингчилердин баары суу болушту, арасынан жабыркагандар да катталды. Гезитти кечээ чыгарып үлгүргөнбүз. Бүгүн чыкпай турат, - деди Мустафа Эдип Йылмаз «Азаттыкка».

«Феза Газетежилик» компаниясы бозгундагы түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди колдойт деген таризде бийлик тарабынан кысымга алынган. «Заман» гезити Түркияда күнүгө 650 миң нуска менен чыкчу. Анда 4500 киши эмгектенип, алардын 500гө чукулу журналисттер болгон. Бул басылманын Кыргызстанда да өкүлчүлүгү 1994-жылдан бери иштеп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG