Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Жогорку чыңалуудагы зымга илинген жаран куткарылды


"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы
"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы

Сузак районундагы Боз-Чычкан айылында “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымына ноокендик тургун Владимир Гальгалский тоодон парашют менен учуп келе жатып, илинип калган. Окуя 4-мартта болгон. Аны Жалал-Абаддын энергетиктери менен чогуу ӨКМ кызматкерлери куткарып алышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жогорку чыңалуудагы зымдар тартылган мунарага электр тармактары ишканасынан эки киши чыгып, парашюттун жиптерин кесишкен. Аягында парашютчуну электр зымында жүрүүчү чыгырык менен белинен жипке ороп, тартып алышкан. Жабыркагандар жок. ӨКМнин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бактыга жараша, парашютчу өзү зымдарга тийген эмес, ошондуктан, ал тирүү калган.

“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымдарында жүрүп турган токтун кубаты 220 миң вольтко барабар.(ZKo)

Зымга илинип калган парашютчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

XS
SM
MD
LG