Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Эртең күн жылуу болот


Ош
Ош

2016-жылдын 5-6-мартында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-10 чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) жана Казарман-Акталчат (67-94 чакырымдары) авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

Абанын температурасы

Чүй облусунда түнкүсүн 2... 7, күндүз 19... 24 градус;

Таласта түнкүсүн 0... 5, күндүз 17... 22;

Баткен облусунда түнкүсүн 3... 8, күндүз 19... 24;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3... 8, күндүз 21... 26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4... 1, күндүз 8... 13;

Нарын жергесинде түнкүсүн -3... -8, күндүз 8... 13.

6-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 22…24 градус жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG