Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Москвада документ жасаган жарандар кармалды


Эмгек мигранттары үчүн жасалма документтерди даярдаган топ Орусиядагы кыргыз элчилигине жакын жерде иштешкен. Алар туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркеме, нотариалдык документтерди, кайрылман тууралуу күбөлүктөрдү жасап, сатып жүрүшкөн.

Элчиликтен “Азаттыкка” маалымдашкандай, булардан алынган жасалма документтер менен Кыргызстандын жарандары гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн да жарандары жабыркаган. Жасалма документ менен кармалган адам кылмыш жообуна тартылат, Орусиядан депортацияланат, "кара тизмеге" киргизилет.

Маалыматка ылайык, топтун кылмыштуу ишке байланыштыгын тастыктаган далил заттар алынган. Буларга карата Орусиянын мыйзамы боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу беш кишиден турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн аты-жөнү тууралуу маалымат жок. Кармалгандардын баары Кыргызстандын жарандары.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG