Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Түркмөнстан: башкы синоптик туура эмес божомол үчүн иштен алынды


4-мартта өкмөттүн жыйынында түркмөн лидери Гурбангулы Бердимухаммедов Гидрометеорология боюнча улуттук комитеттин башчысы Батыр Халлыев жана анын орун басарын кызматтан алды.

Түркмөн президенти өкмөттү дагы өзү жетектей турганы маалым.

- Мекеменин ишмердигин жакшыртуу үчүн жаңы имарат куруп, каржы бөлүп, керектүү жабдуулар менен камсыздадык. Батыр Халлыев аба ырайы тууралуу болжол туура чыгарылат деп сөз берген. Бирок ага карабастан акыркы мезгилде туура эмес болжолдор көбөйүүдө, - деди Бердимухаммедов.

Анын айтымында, мындай абал айыл чарба иштерине, маданий иш-чараларды жана транспорт тармагындагы жумуштарды аткарууга тоскоол болуп, жарандарга ыңгайсыздык жаратып, каржы жана моралдык зыян алып келиши мүмкүн.

Батыр Халлыев аталган комитетти 2010-жылдан бери жетектеп келген. Президенттин буйругу менен анын ордуна Бегенч Миминов дайындалды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG